Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 1/2
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын атайын каражатын бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Керимкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин YI-чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн атайын каражаттын киреше бөлүгү 483(Төрт жүз сексен үч миң ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн атайын каражаттын чыгаша бөлүгү сметанын негизинде жумшалсын.(смета тиркелет)
3. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ущул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялансын.
4. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Давлетов |