Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 1
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У.Керимкуловдун баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ущул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялансын.
3. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Мырзакайым кызы Гүлкайырга жуктолсун
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Давлетов |