Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 15/2
Катта – Талдык айыл аймагындагы социалдык обьектилери жөнүндө
Катта–Талдык айыл аймагындагы Баш–Булак айылынын «Интернационал» конушуна жабык типтеги кичи футбол ойноочу аянтча куруу үчүн Катта – Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш – Булак айылынын «Интернационал» конушуна жабык типтеги кичи футбол ойноочу аянтча куруу долбоору жактырылсын.
2. Катта – Талдык айыл өкмөтүнүн Баш – Булак айылындагы «Интернационал» конушунун генпланындагы соц.обьектилердин ордуна жабык типтеги кичи футбол аянтчасын ажыратып өзгөртүү киргизүү сунушу жактырылсын.
3. Баш – Булак айылынын «Интернационал» конушуна жабык типтеги кичи футбол ойноочу аянтча куруу үчүн аймактын киреше бюджетинен өздүк салым үчүн 299 060 (эки жүз токсон тогуз миң алтымыш) сом бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Катта-Талдык айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т.Омонов |