Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 15/4
Жеке менчик турак жайларды куруу үчүн башкы пландарды даярдоого иш чара көрүү жөнүндө
Катта–Талдык айылдык аймагынын тургундарынын турак жайга болгон муктаждыгын чечүү максатында жер аянтына жеке менчик турак жайларды куруу үчүн башкы пландарды даярдоого акча каражат жоктугуна жана айыл өкмөттүн бюджети аз болгондугуна байланыштуу, ошондой эле Кара – Суу райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын 12 – февраль 2015 –жыл № 31 ү 01 ү 13 катынын негизинде Катта – Талдык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта – Талдык айыл өкмөтүнүн бюджети аз болгондуктан жеке менчик турак жайларды куруу үчүн башкы пландарды даярдоо акысын (келишимде көрсөтүлгөн суммасын) жер тилкелерин алуучу атуулдардын эсебинен алынсын.
2. Акчаларды чогултуу боюнча айыл өкмөттүн салык кызматкери Т.Көкүевге жүктөлсүн.
3. Түшкөн акчаларды көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Тажибаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Катта-Талдык айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т.Омонов |