Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 16/1
Катта–Талдык айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014–жылдагы аткарган иштери 2015–жылга бюджетин жана жамааттык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айылдык кеңешинин № 30 26.01.2009 – жыл мыйзамынын 6 – беренесине ылайык жайыт пайдалануучулардын отчеттук кайра шайлоо чогулушунун протоколуна ылайык Катта – Талдык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык айыл аймагынын жайыт комитетингин 2014 – жылы аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2015 – жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин мүчөлөрү депутаттар Абсатаров Р., Зулпуев А. ордуна Казаков К., Тажикбаев М. бекитилсин.
4.Жайыт комитетинин 2015 – жылга бюджети бекитилсин. (бюджет тиркелет)
5. Уруксатсыз башка айыл өкмөттөрдөн келген малдар айыл өкмөттүн жайыттарынан чыгарылсын.
6. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сунушунун негизинде мал башына алынуучу жайыт акы айыл аймагынын тургундары үчүн 2013 – жылдагы баа калтырылсын.
1. 1 баш жылкы – 185 сом
2. 1 баш ири мүйүздүү мал – 125 сом
3. 1 баш кой – эчки – 25 сом
7. Четтен келген мал, кой, жылкыларга төмөндөгүдөй баа белгиленсин.
8. Жайытты мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга төмөндөгүдөй баа белгиленсин:
1)Маданий ден соолукту чыңдоочу туристик иш чаралар үчүн 1 га үчүн 100 сом
2)Табигый тоют жерлерге 1 га үчүн 500 сом
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т.Омонов |