Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 16/2
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн күздүк, жаздык эгиндеринин жана жайытты өз мезгилинде өсүп жетилишине байланыштуу, ошондой эле жогорку түшүм алуу максатында жана чөп чабындыга, жайытка башка малдарды алып келишин, жугуштуу оорудан сактоо жана Элдин арызын кароо жөнүндө
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн күздүк. жаздык эгиндеринин жана жайытты өз мезгилинде өсүп жетилишине байланыштуу, ошондой эле жогорку түшүм алуу максатында жана чөп чабындыга, жайытка башка малдарды алып келишин, жугуштуу оорудан сактоо максатында жана Элдин арызын карап чыгып Катта-Талдык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн күздүк, жаздык эгиндеринин жана жайытты өз мезгилинде өсүп жетилишине байланыштуу, ошондой эле жогорку түшүм алуу максатында жана чөп чабындыга, жайытка, Элдин үлүш жерлерине башка малдарды алып келишин, жугуштуу оорудан сактоого жана айыл чарба эгиндеринин менчигинин түрүнө карабастан түшкөн малдарга төмөндөгүдөй жаза акысы көрүлсүн. 1 (бир) баш жандык түшсө: кой – эчкилерге – 300 сом, ири мүйүздүү бодо малдардын 1 башына – 1000 сом , жылкыга 3000 сом өлчөмүндө айып белгиленсин.
2. Алынган жаза үчүн айып акысы айыл өкмөттүн Финансы жана экономика бөлүмүнө мыйзам чегинде тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл аймагынын жер адиси, жайыт комитети, вет. кызматкерлерине, дыйкан чарба башчыларына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т.Омонов |