Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 16/3
Катта –Талдык айыл аймагындагы социалдык обьектилери жөнүндө
Катта –Талдык айыл аймагындагы Баш –Булак айылындагы «Татына» балдар бакчасына кошумча имарат куруу үчүн Катта – Талдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш–Булак айылындагы «Татына» балдар бакчасына кошумча имарат куруу долбоору жактырылсын.
2. Баш – Булак айылындагы «Татына» балдар бакчасына кошумча имарат куруу үчүн аймактын киреше бюджетинен өздүк салым үчүн 279 197 (эки жүз жетимиш тогуз миё бир жүз токсон жети) сом бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Катта-Талдык айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т.Омонов |