Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-апрели № 16/4
Баш – Булак айылындагы спорттук залдын ичиндеги күрөшканага Канат Бегалиевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Катта – Талдык айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баш – Булак айылынын жаш өспүрүмдөрдүн ден–соолугун чыңдоо жана спортко кызыктыруу, жаштарды патриоттук сезимде тарбиялоо максатында спорттук залдын ичиндеги күрөшканага 2008–жылдагы жайкы Олимпиадалык оюндарынын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиевдин ысмын ыйгаруу максатында Катта – Талдык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш–Булак айылындагы спорт залдын ичиндеги күрөшканага 2008 – жылдагы жайкы Олимпиадалык оюндарынын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиевдин ысымы берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т.Омонов |