КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катта-Талдык айылдык Кеңешинин XVII сессиясынын бешинчи чакырылышы
2015-жылдын 13-июну № 17/1
Катта-Талдык айылдык кеңешинин аймагында жашаган жарандарга турак жай салуу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Катта-Талдык айылдык кеңешинин депутаттары «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2014-жылдын 10-июнундагы №326 чыгыш саны менен берилген корутундусунун негизинде, Кара-Суу районунун мамлекеттик адинистрациясынын “Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү” боюнча жер комиссиясынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу боюнча корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-бөлүкчөсүнүн, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-бөлүкчөсүнүн талаптарына ылайык айылдык кеёештин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта-Талдык айылдык кеёешинин аймагынын Баш-Булак айылындагы №136, №137, №138 контрурлардан 5,0 га, Достук участкасындагы №1125 контурдан 13,0 га, Ынтымак участкасындагы №124 контурдан 10,0 га, Мады айылындагы сөөк завод аймагындагы №81 контурдан 5,0 га, Эшме айылындагы №331 контурдан 5,1 га, жалпысы 38,1 га айдоо жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Катта-Талдык айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т.Омонов |