Редакцияот 25.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин V чакырылган XV кезектеги сессиясы

 

2015-жылдын 25-марты № 101

Кызыл-Октябрь айылынын көчөлөрүнүн бирине Улуу Ата-Мекендик согуштун ветераны Кудайберди Эрматовдун ысмын ыйгаруу жөнүндө

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХV-кезектеги сессиясы Кызыл-Октябрьайылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, депутаттардын, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кудайберди Эрматовдун ысмын Кызыл-Октябрьайылынын негизги көчөсүндөгү Мечиттин жанындагы сол жакка кеткен биринчи көчөгө ыйгарылсын. 

2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды уй номерлерин илдирүү жагы Кудайберди Эрматовдун уул-кыздарына тапшырылсын 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Октябрьайылынын айыл башчысы М.Сандыбаевге милдеттендирилсин. 

 

Кызыл-Октябрь Кеңешинин

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Мусаев