Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин V чакырылган XVI кезектеги сессиясы
2015-жылдын 30-апрели № 116
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн административдик чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган, Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн административдик чек ара материалдарынын жазылышы боюнча маселени карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын 4-пунктунун негизинде Кызыл-Октябрь айылдык кеңештин V-чакырылган ХVI-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Мамлекеттик жер долбоорлоо “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган, Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн административдик чек аралары жазылышы боюнча бекитилип берилсин.
2. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн административдик чек арасынын жазылышы боюнча бекитип берүү жагы суралсын.
3. Кароол жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен талаш жайыттардын чек араларын аныктоо боюнча Өзгөн райондук комиссиянын 2010-жылдын 31-майындагы №3 протоколунун тиркемесине жана 2013-жылдын 23-июлундагы №4 отурумунун токтомуна ылайык Кара-Шоро жайлоосунун Чоң-жетим участкасынан сырткары бардык административдик чек ара боюнча макулдук берилсин.
4. Бул токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба энергетика, жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Октябрь Кеңешинин Кеӊешинин төрагасы |
К.Мусаев |