Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVI сессиясы
2015-жылдын 23-февралы № 16/4
Аталышы мурдатан эле Мангыт жана Төлөйкөн болуп келген жана союз учурунда Мангит жана Телейкен болуп жазылып калган айылдардын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши аталышы мурдатан эле Мангыт жана Төлөйкөн болуп келген жана союз учурунда Мангит жана Телейкен болуп жазылып калган айылдардын аталышын өзгөртүү жөнүндөгү жогоруда аталган айыл тургундарынын чогулушунун протоколун карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аталышы мурдатан эле Мангыт жана Төлөйкөн болуп келген жана союз учурунда Мангит жана Телейкен болуп жазылып калган айылдардын аталышы мурдагы аты боюнча Мангыт жана Төлөйкөн болуп өзгөртүлсүн.
2. Депутаттардын Араван райондук кошмо жыйынынан ушул чечимди бекитип берүү жагы суралсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |