Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVI сессиясы
2015-жылдын 23-февралы № 16/7
Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун башчысы Ш.Мелибаевдин каты жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун башчысы Ш.Мелибаевдин Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун статусун көтөрүп, «Араван токой чарбасы» болуп түзүлүүсүнө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Араван районундагы Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун статусун көтөрүп, «Араван токой чарбасы» болуп түзүлүүсүнө макулдук берилсин.
2.Ушул чечимдин аткарылышын камсыз кылуу Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кочобаевге тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |