Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылдын 22-июну № 18-10
Мангыт айылдык Кеңешинин депутаты Н.Шамшиевдин Россия Федерацисына жумушка кетип,бир жылдан бери айылдык Кеңештин сессияларына катышпагандыгына байланыштуу депутаттык мандатын алуу жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кенешинин сессиясы Мангыт айылдык Кенешинин депутаты Н.Шамшиевдин Россия Федерациясына жумушка кетип,бир жарым жылдан бери айылдык Кенештин сессияларына катышпагандыгына байланыштуу депутаттык мандатын алуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, томондогудой:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мангыт айылдык Кенешине №5343-Мангыт шайлоо округунан депутат Н.Шамшиевдин Россия Федерациясына жумушка кетип калгандыгына байланыштуу 2014-жыл ичинде 4 сессияга жана 2015-жыл ичинде 2 сессияга , бардыгы катары менен 6 сессияга катышпагандыгына байланыштуу депутаттык мандаты алынсын.
2.Депутат Н.Шамшиевдин ордуна №5343-Мангыт шайлоо округунан депутаттык мандатка кезекте турган Парханова Кызайым Курбанбаевнага депутаттык мандат берилсин.
3.Араван аймактык шайлоо комиссиясынан ушул чечимди бекитип берүү жагы суралсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |