Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-октябры № XXVI-3
Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн тургуну Номанов Хайрулло Абдуллажоновичке тиешелүү болгон жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн тургуну Номанов Хайрулло Абдуллажоновичке тиешелүү болгон жер тилкесинин аянтынын ичинен багытына соода түйүнү, даараткана жана заманбап ашкана деп өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Гафур Гулям атындагы көчөсүнүн №12 үйүнүн тургуну Номанов Хайрулло Абдуллажоновичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүндө жайгашкан өзүнүн жеке менчигиндеги 795 чарчы метр жер аянтынын багыты соода түйүнү, даараткана жана заманбап ашкана деп өзгөртүлсүн.
2.Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|