Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 1
Таза суу тарифтерин бекитүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Кызыл-Тал» таза суу коомдук ишканасынын жетекчиси Абсатаров Балтабайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 01-январынан баштап айыл аймагынын калкына берилүүчү таза суунун тарифи үйүндө таза суу колонкасы жок кожолуктар үчүн айына 40 сом,ал эми колонкасы бар кожолуктар үчүн айына 70 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Таза сууну башка максаттар үчүн пайдаланган (мисалы:огород сугаруу үчүн) , уруксатсыз, өз алдынча таза суу колонкасын орнотуп алган тараптар 5,0 миң.сом өлчөмүндө штраф төлөөгө милдеттүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу «Кызыл-Тал» таза суу коомдук ишканасынын жетекчисине тапшырылсын.(Б.Абсатаров)
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(К.Джумабаев)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |