Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 2
«Отуз-Адыр» айылынын тургуну Раева Алтынайдын менчик балдар бакчасын ачуусу жөнүндө
Отуз-Адыр айылынын тургуну Раева Алтынайдын менчик балдар бакчасын ачуусу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылынын тургуну Раева Алтынайга өз үйүндө (жеке) менчик балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Менчик балдар бакчасын ачууда Кыргыз Республикасынын ушул маселедеги мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу, керектүү иш кагаздарын даярдоо Раева Алтынайдын өзүнө тапшырылсын.
3. Жогорудагы балдар бакчасын ачуу иштерине көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (К.Джумабаев).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |