Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 3
Отуз-Адыр айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
«Отуз-Адыр» айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Аликулов Таалайбектин «Отуз-Адыр» айыл аймагынын Уставы» жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Отуз-Адыр» айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул Устав «Отуз-Адыр» айыл аймагында колдонулсун жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар .ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналсын.
3. Ушул Устав массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирди деп эсептелсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |