Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 5
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Кызыл-Абад айылынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилүүчү жер аянттарына генплан даярдатуу жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Базарбаев Төлөнбайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагына караштуу Кызыл-Абад айылындагы калктуу конуш фондунун эсебинде турган №83-контурдан 2,0 га жана №144-контурдан 4,0 га жер аянттарына генплан даярдатууга уруксат берилсин.
2. Керектүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан, каттоодон өткөрүп берүү жагы Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Базибай уулу А).
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(С.Атамбиев).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |