Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 6
АРИС кызматынын жардамында Кызыл-Абад айылында спорттук зал куруу жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Базарбаев Төлөнбайдын жогорудагы маселе боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Кызыл-Абад айылында АРИС кызматынын жардамында спорттук зал курууга уруксат берилсин.
2. Спорттук зал куруу үчүн жер тилкеси К.Зулпиев орто мектебине тиешелүү жер аянтынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. (Базибай уулу Асанбек).
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(К.Джумабаев).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |