Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 7
Жайыт төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагы боюнча жайыт комитетинин төрагасы Мамасалиев
Анжиянбайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 01-январынан баштап Отуз-Адыр айыл аймагында жайыт төлөмдөрүнүн тарифи өлчөмүндө бекитилсин.
баш кара мал үчүн – 125 сом
баш кой-эчки үчүн – 30 сом
1 баш жылкы үчүн - 150 сом
2. КР дин жайыт жерлери жөнүндөгү мыйзамынын № 515 токтомунун негизинде жайыт жер үчүн чөп чабыкка белгиленген 1га -500 сомдон 1000 сомго чейин ижара акы Отуз-Адыр айылдык аймагынын жайыт жерлери үчүн бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетинин төрагасы Мамасалиев Анжиянбайга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |