Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 9
Отуз-Адыр айылынын айланасынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкелери жөнүндө
Айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселелерин кароо боюнча айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2015 -жылдын «20 »февралындагы чогулушунун протоколун жетекчиликке алып, комиссиянын айылдык кеңештин атына жазган арызын карап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик турак-жай куруу үчүн келип түшкөн арыздардын көбөйгөндүгүнө, калктуу конуш фондунун жери азайгандыгына байланыштуу 2015-жылдын 01-январынан баштап Отуз-Адыр айылынын айланасынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкелери 0.04га өлчөмүндө бекитилсин. 2015-жылдын 01-январынан баштап Отуз-Адыр айылынын айланасына жеке менчик турак-жай куруу үчүн чыккан токтомдордо 0.04 га өлчөмү белгиленсин.
2. Айыл аймагынын башка айылдарынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкелеринин өлчөмү өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Ушул маселеде айыл аймагынын калкына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Базибай уулу Асанбек)
5. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Атамбиев)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |