Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 12
Чоок айылынын калктуу конуш фондундагы жеринин эсебинен спорттук аянтча үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты Сайдуллаев Айталинин «Чоок» айылынын жаштарынын атынан спорттук аянтча үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын «Чоок» айылынын калктуу конуш фондундагы жеринин эсебинен спорттук аянтча үчүн 0,50 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Базибай уулу Асанбек).
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С.Атамбиев).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |