Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-марты № 13
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсеп счетунда 2015-жылдын 01-январына карата калган 1085,1 миң сом акча каражатынын эсебинин 2015-жылда аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 01-январына карата Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда калган1085,1 миң сом акча каражатынын эсебинен
А)Соттун чечиминин негизинде жер салыгынан болгон
карызды төлөөгө - 600,0 миң,сом
Б)Борбордук стадионду капиталдык ремонттон
чыгарууга - 300,0 миң,сом
В)Калктуу конуштардын турак-жай аймактарына
ген.план даярдатууга - 185,1 миң,сом
Жыйынтыгы: - 1085,1 миң,сом
Бардыгы болуп 1085,1 миң,сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына тапшырылсын. (Базибай уулу Асанбек)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |