Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 1
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын «Достук» участкасындагы жеке менчик үй куруу үчүн ажыратылган 2,9га жер аянтын жана «Ынтымак» айылындагы жеке менчик үй куруу үчүн ажыратылып бөлүнбөй калган 0,9га жер аянтын Отуз-Адыр айылынын Тыт участкасына жеке менчик үй куруу үчүн которуу жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер адиси Базарбаев Толонбайдын билдирүүсүнүн жана айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын 2015-жылдын 28-апрелинде даярдаган актысынын негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын «Достук» участкасындагы жеке менчик үй куруу үчүн ажыратылган 2,9га жер аянты жана «Ынтымак» айылындагы жеке менчик үй куруу үчүн ажыратылып бөлүнбөй калган 0,9га жер аянты Отуз-Адыр айылынын Тыт участкасына жеке менчик үй куруу үчүн которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу А).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча комиссиясына тапшырылсын. (С.Атамбиев)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |