Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 6
Депутаттардын Отуз-Адыр айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын жана Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде депутаттардын Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
2. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар: Атабаев Улан – төрага, Абдурахманов Батырбек – мүчө, Абдилазиз уулу Абдимитал- мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.
3. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
4. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар : Адашов Алмаз- төрага, Атабаев Эрмамат – мүчө, Айдаров Абдимиталип-мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.
5. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
6. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына депутаттар: Нуритдинова Айчүрөк-төрайым, Саданов Талант-мүчө,Курбанбаев Урмат- мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.
7. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиянын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
8. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин админстративдик иштер боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттар: Молдошов Эсен-төрага, Алдраков Сырбек –мүчө, Калбеков Абдубаит-мүчө болуп шайланды деп эсептелсин.
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |