Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-июлу № 5
Отуз-Адыр айыл аймагынын Отуз-Адыр айылында минифутбол аянтчасын курууга макулдук берүү жана ал аянтча үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Мурзаев Асабидиндин «Минифутбол үчүн жер тилкесин ажыратып берүү» жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын Отуз-Адыр айылындагы стадиондо минифутбол аянтчасын курууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтү тарабынан Отуз-Адыр айылындагы стадиондон минифутбол аянтчасын куруу үчүн 0,11 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
3. Макулдуктун негизинде иш алып баруу жана жер тилкесин ажыратып берүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Т.Аликулов)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |