Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-июлу № 6
Жер маселелери боюнча Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө
Айыл аймагындагы жерлердин туура пайдаланылышын, ФПСтин жерлеринин, айыл чарба багытында эмес жерлердин жана жеке менчик турак – жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкелеринин мыйзамдуу бөлүнүлүшүн камсыз кылуу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы жерлердин туура пайдаланылышын, ФПСтин жерлеринин, айыл чарба багытында эмес жерлердин жана жеке менчик турак – жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкелеринин мыйзамдуу бөлүнүлүшүн камсыз кылууну ишке ашыруу боюнча айылдык кеңештин депутаттык комиссиясы түзүлсүн жана курамы бекитилсин.
2. Жер маселелери боюнча депутаттык комиссиянын курамы менен биргелешип иш алып баруу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (Т.Аликулов) жана айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (А. Адашов).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |