Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-июлу № 7
Отуз-Адыр айылынын И.Ажибеков көчөсүн асфальттоо маселеси жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Айдаров Абдимиталиптин билдирүүсү угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 14-июлунда Отуз-Адыр айылынын И.Ажибеков көчөсүн асфальттоо иштерине бөлүнгөн 992,0 миң.сом акчаны тендерден утуп алган ОсОО «Алахан строй» ишканасынын жетекчиси Улан Алихановдун 2015-жылдын 20-июлуна чейин да асфальттоо иштерин баштабагандыгы көңүлгө алынсын.
2. Улан Алиханов айылдык кеңештин III-cессиясына чакырылып келинсин жана ага мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Аликулов)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
(Э.Молдошов)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |