Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-июлу № 9
2015-жылдын 29-майында айыл аймагындагы жамааттардын кошмо жыйынында кабыл алынган «Каада-салттардагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу жөнүндө» аттуу токтомду бекитип берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл аймагынын жаштар комитетинин атынан чыгып сүйлөгөн Ирисбаев Нурбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 29-майында айыл аймагындагы жамааттардын кошмо жыйынында кабыл алынган «Каада-салттардагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу жөнүндө» аттуу токтом бекитилди деп эсептелсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Аликулов)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |