Редакцияот 08.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы

 

2015-жылдын 8-августу № 3

Айылдык аймактын айыл башчыларынын 2015-жылдын I-жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө

Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл башчыларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын  айыл башчысы Ирекбаев Турдабайдын, Кара-Дөбө айылынын айыл башчысы Мустапакулов Абдыманаптын  жана Жаңы- Кызыл-Суу  айылынын айыл башчысы Нышанбаев Суйунбектин 2015-жылдын I-жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндөгү отчеттору “канааттандырарлык” деп табылсын.

2. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кыш-Абад айылынын айыл башчысы Сулекеев Айдардын 2015-жылдын I-жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндөгү отчету “канааттандырарлык эмес” деп табылсын жана Сулекеев Айдарга мыйзам чегинде чара көрүү Отуз-адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Т.Туйбаев)

3. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Отуз-Адыр айылынын мурдагы айыл башчысы Абжапаров Төрөмаматтын 2015-жылдын I-жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндөгү отчетунун кийинки сессияда тапшырылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Туйбаев)

4. Жогорудагы токтомдун 2,3 пункуттарынын аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Базарбаев