Редакцияот 08.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы

 

2015-жылдын 8-августу № 7

Отуз-Адыр айылынын И.Ажибеков көчөсүн асфальттоо иштерин 2015-жылдын 28-августуна чейин баштоо жөнүндө

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Төрөмурзаев Тариэлдин билдирүүсүн угуп жана  талкуулап айылдык кенеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 14-июлунда Отуз-Адыр айылынын И.Ажибеков көчөсүн асфальттоо иштерине бөлүнгөн 992,0мин сом акчаны тендерден утуп алган ОсОО «Алахан строй»  ишканасынын жетекчиси Алиханов Уланга И.Ажибеков көчөсүн асфальттоо иштерин 2015-жылдын 28-августуна чейин баштоо милдеттендирилсин.

2. Жогоруда белгиленген мөөнөттө асфальттоо иштери башталбаса Алиханов Уланга мыйзам чегинде чараларды көрүү Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Туйбаев).

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн административдик  иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Молдошов Эсен).

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Базарбаев