Редакцияот 08.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы

 

2015-жылдын 8-августу № 9

№55 К.Зулпиев орто мектебинин жылытуу системасынын ремонтуна жана мектептин филиалынын чатырытынын учуп кеткен шиферлерин толуктоого, №9 М.Тешебаев орто мектебинин №3 имаратына жылытуу системасын орнотууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Абдрахманов Батырбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан

а) №55 К.Зулпиев орто мектебинин жылытуу системасынын ремонтуна  __5,0 миң сом ,

б) №55 К.Зулпиев  орто мектебинин филиалынын чатырынын  учуп кеткен шиферлерин толуктоого_______5,2 миң сом,

в) №9 М.Тешебаев орто мектебинин №3 имаратына жылытуу системасын орнотууга____ 5,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.(Т.Туйбаев).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын(У.Атабаев).

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Базарбаев