ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы
2015-жылдын 27-августу № 1
Айыл өкмөтүнүн ФПСтин жер салыгынан жана подоходный налогдон болгон карыздарын төлөп берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башкы адиси Атамбиев Кубанычбектин билдирүүсүндө айыл өкмөтүнүн балансындагы ФПСтин жери боюнча жер салыгынан Ош областык райондор аралык сотунун 2007-жылдын 22-январындагы чечиминин негизинде Отуз-Адыр айыл өкмөтү 1076820 сом карыз болгон ,бул карызды убагында төлөөгө мүмкүнчүлүк жоктугунан 2014-жылдын декабрь айында жана 2015-жылдын I-жарым жылдыгында төлөдүк,бирок 2007-жылдан баштап 2015-жылдын 01-июлуна чейинки мезгилде карыздын убагында төлөнбөгөндүгү үчүн эсептелген 253912 сом пени жана санкция төлөмдөрү негизги катары эсептелип калган ушул карызды төлөөнү жана подоход салыгынан калган 253377 сом карызды чечип берүүңүздү суранабыз.Жогорудагы билдирүүнү угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын III-кварталында көмүр сатып алууга бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен 327,1 миң.сом кыскартылсын.
2. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн ФПСтин жер салыгынан болгон негизги 253,912 миң.сом , подоходный налогдон болгон негизги 253,377 миң сом карыздары 2015-жылдын август-сентябрь айларынын пенясы кошулуп айыл өкмөтү тарабынан төлөнүп берилсин
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У.Атабаев)
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Базарбаев |