Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-августу № 2
Отуз-Адыр айылынын борбордук стадионун оңдоо иштерине акча каражатын бөлдүртүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Мурзаев Асабидиндин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн «Курулмаларды оңдоо» статьясында «Назик» балдар бакчасына бөлүнгөн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты каржылоодон кыскартылсын.
2. Жогорудагы «Курулмаларды оңдоо» статьясында каралган 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Отуз-Адыр айылынын «Борбордук» стадионун оңдоо иштерин каржылоого жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Т.Туйбаев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (У. Атабаев).
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Беделов |