Редакцияот 27.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы

 

2015-жылдын 27-августу № 3

2015-жылдын 04-октябрында өтүүчү шайлоолорду өткөрүүнү уюштурууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

2015-жылдын 04-октябрында өтүүчү Жогорку Кеңешке шайлоолордун уюшкандыкта өткөрүлүшүн камсыз кылуу максатында айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүндө мал чарбасында инфекциялык ооруларга каршы иш чараларды уюштурууну  каржылоого каралган акча каражатынын  эсебинен 17.5 миң.сом  кыскартылсын.

2. Жогоруда кыскартылган акчанын эсебинен 2015-жылдын 04-октябрында өтүүчү Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүүнү уюштуруу иштерине 17.5 миң.сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3 Ушул токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Туйбаев)

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У.Атабаев)

 

Отуз-Адыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Беделов