Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2015-жылдын 20-февралы № 1
Айылдык Кеңештин кезектеги XIII сессиясынын кун тартибиндеги сугат суу скважиналарын инвентаризациялап муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин айыл аймакта сугат суунун тартыштыгын эске алып Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы мурдагы сугат суу скважиналарын инвентаризациялап,муниципалдык менчикке алуу төмөндөгү жумушчу топтун курамы түзүлсүн:
1. Конокбаев Т.А –айылдык Кенештин депутаты- жумушчу топтун жетекчиси
2. Искаков Р.Т- айыл Өкмөтүнүн же боюнча адиси –жумушчу топтун Катчысы
Жумушчу топтун мучөлөрү:
3. Акешов А.С – айылдык Кеңештин депутаты
4. Исмаилов А.К -айылдык Кеңештин депутаты
5. Шабаев А.Ж –Чырпыкты айыл башчысы
6. Есенгулов Р.У –Кош-Көл айыл башчысы
7. Табылдиев А.Т –айыл Өкмөтүнүн юристи
2. Түзүлгөн жумушчу топтун курамы инвентаризациянын жыйынтыгы менен акт түзүп муниципалдык менчикке алуу жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|