Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2015-жылдын 20-февралы № 4
Тамчы айыл Өкмөтүнүн административдик аймагында жер салыгын жана мүлк салыгынын 1-2-3чү топторун киргизүү жана зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылынын №231 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Тамчы айыл Өкмөтүнүң жергиликтүү бюджетинин салык төлөмдөрүнүн көбөйүшү жана сакталышы максатында Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 1-январынан тартып, Тамчы айыл Өкмөтүнүң аймагында томөндөгүдөй жергиликтүү салык түрлөрү киргизилсин:
Айыл чарба багытындагы жерлерден алынуучу салыгы, айыл чарба эмес багытында колдонулуп жаткан жерлердин жер салыгы , огород жана короо жай алдындагы колдонулуп жаткан участкалардын жер салыгы;
Мүлк салыгынын 1-2-3 топторундагы мүлк объектилерине;
К3 зоналдык коэффициенти -1,2 көлөмүндө бекитилсин.
2. Салыктарды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсун.
3. Айыл аймагында жайгашкан эс алуу жайларында жана мекеме ишканаларда эмгектенген жарандардан таштанды (мусор) жыйымдары 100 сомдон чектелип өз убагында 1-апрелге чейин жыйналсын.Айыл аймагындагы ар бир короодон 25 сом өлчөмүндө жыйналсын.
4. Ушул токтомду каттоо жана Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, Облусттук Юстиция башкармалыгына жиберилсин жана Райондук МКК жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл Өкмөтүнүң башчысы Б.Карабаевке жана айыл Өкмөтүнүң ФЭБнүн башчысы Ф.Бейшембиевке милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин “Бюджет,финансы,экономика, инвестиция тартуу жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|