Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2015-жылдын 20-февралы № 5
Кош-Көл айылында жайгашкан эс алуу жайларынын арасынан көл жээкке өтүү үчүн жол ачуу жөнүндө
Тамчы айыл Өкмөтүнүн кезектеги XIII-сессиясынын күн тартибиндеги кароосунда Кош-Көл айыл башчысынын сунушун угуп көрүп,жергиликтүү депутаттар талкууга алгандан кийин,Кош-Көл айылында өткөрүлгөн элдик чогулуштун чечиминин негизинде, КРнын Жер кодексинин 53,55,56-беренелеринин негизинде Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Көл айылында жайгашкан эс алуу жайлардын аралыгынан жергиликтүү элдин жана эс алуучулардын көл жээкке тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн жол ачылсын;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Тамчы айыл Өкмөтүнүн Юристи А.Табылдиев, Жер адиси Р.Искаков,Кош-Көл айыл башчысы Р.Есенгуловко тапшырылсын.
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|