Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2015-жылдын 20-февралы № 6
Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги кароосунда айыл аймактын жашоочуларынын кайрылууларын карап көрүп, КРнын “ мамлекеттик тил ” жөнүндөгү мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында жана айыл аймактын жергиликтүү калкынын көпчүлүгү кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүн эске алып Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди жакшы өздөштүрүүсү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү жана айылдык Кеңештин, айыл Өкмөтүнүн иш-кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Айылдык Кеңештин кабыл алган токтомдорун ММКда кыргыз тилинде жарыялоо, мамлекеттик укуктук актылар реестрине каттатуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, улуттук каада-салт жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|