Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
2015-жылдын 28-майы № 10
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги XIV сессиясынын күн тартибиндеги айыл тургунунун ичүүчү таза суу менен ысык сууну иретке келтирүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичүүчү таза сууну ар бир үйгө киргизүү үчүн 5000 сом, 1 тонна сууга 20 сомдон жана айылдагы ысык сууну пайдалангандардан 100 сом өлчөмүндө тариф чогултуу, чогулган акча-каражатты сууларды иретке келтирүүгө, ремонт иштерине сарптоо Тамчы Таза-Суу ишканасынын жетекчиси К.Машанлого милдеттелинсин.
2. Ысык сууну пайдалануу жергиликтүү тургундарга гана уруксаат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|