Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
2015-жылдын 28-майы № 11
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Тамчы айыл тургундарын курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык тазалыкты сактоо боюнча маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айыл Өкмөтүнүн Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакта таштандыларды таштанды таштоочу жайдан (свалка) туш келди жерлерге төкөндөргө жана уруксааты жок бак-терек кыйгандарга төмөндөгү тартипте айып пул (штраф) көлөмү бекитилсин:
-Чон автоунаалар менен таштанды төкөндөргө – 5000с
-Кичине автоунааларга – 3000с
-Кол арабага – 2000с
-Бак-теректерди урусааты жок кыйгандарга - 5000с
2. Токтомдун аткарылышын жүзөгө ашыруу жергесин депутаттарга, ар бир айыл тургунуна жана айыл Өкмөтүнүн кызматчыларына милдеттелинсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Айыл өкмөттук кенештин тиешелуу туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|