Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
2015-жылдын 28-майы № 12
2015-жайкы эс алуу сезонун уюшкандыкта өткөрүү максатында, айлана-чөйрөнүн экологиялык ,санитардык абалын , эс алуучулардын коопсуздугун,коомдук тартипти сактоо жөнүндөгү маселени депутаттар угуп, кызуу талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл аймагында,айыл Өкмөтүнүн кызматкерлери,коомдук уюмдар менен биргеликте, коомдук тартипти,санитардык-экологиялык абалды сактоо,көзөмөлдөө жүргүзүү Тамчы айылдык милиция бөлүмүнөн суралсын.
2. Жайкы эс алуу убагында, эс алуучулардын коопсуздугунун алдын алуу жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында төмөндөгүдөй тартипте төлөмдөр бекитилсин айына:
таштанды чыгарууга:
эс алуу жайларынан жана жеке секторлордон ар бир эс алуу орунга -150 сом айына
павильон -1000 сом айына
кафе,ашкана-3000 сом айына
кызыл чектен тышкары жайгашкан соода түйүндөрү кошумча ар бир м2 жерге -500 сом
көл жээгине кирген авто унааларга (квадрацикл,малдар)-1000 сом
коомдук жерде тазалыкты сактабагандарга - 1000 сом
атайын бөлүнгөн жерлерден сырткары жерлерде ат,эшек,квадрацикл менен кызмат көрсөткөндөргө - 1000 сом өлчөмүндө айып пул бекитилсин
таштанды төгүлчү контейнерлерден сырткары таштанды төккөндөр үчүн -1000 сом
3. Ысык-Суу туташтырылган үйлөрдөн эс алуу убагында 1000 сом өлчөмүндө төлөм киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|