Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
2015-жылдын 28-майы № 13
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги XIV сессиясынын күн тартибиндеги, Чырпыкты айылынын тургуну Тыналиев Усубакундун атасы, УАМ согуштун катышуучусу маркум Тыналиев Жанамандын атын жаны конуштун көчөсүнө берүүнү суранып кайрылган арызын депутаттар карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чырпыкты айылындагы Касым Тыныстанов атындагы жаңы конуштун 1 көчөсүнө Тыналиев Жанамандын аты ыйгарылып “Жанаман ата” болуп аталсын.
2. Тыналиев Жанамандын туугандарына, балдарына көчөнүн атын, үйлөрдун номерлерин илүү жана көртөндүрүү, санитардык тазалыгын сактоо жагы милдеттелинсин.
3. Токтомдун аткарылышын айыл Өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Р.Искаковко, айыл башчы А. Шабаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|