Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
2015-жылдын 14-сентябры № 18
Билим берүү мекемелеринин кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги XVI сессиясынын күн тартибинде каралган,мектептердин 2015-2016-жылдары кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыгы жөнүндө маселени депутаттар карап, талкууга алгандан кийин, айыл тургундарынын 07.09.2015-жылдагы жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы мектеп-гимназиясынын эшик-терезелерин алмаштырууга чыгымдалуучу акча-каражаттын 30% жергиликтүү бюджеттен жана 70% дем берүүчү гранттын эсебинен жүргүзүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Акча-каражатты табуу жагы айыл Өкмөтүнүн каржы-бөлүм башчысы Бейшембиев Фархадка милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин билим берүү, саламаттык сактоо, маданият тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|