Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тамчы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
2015-жылдын 14-сентябры № 19
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги XIV сессиясынын күн тартибиндеги, Тамчы айылынын тургуну Усубакунов Дамирдин, айылдын күн чыгыш тарабындагы жаны конуштун көчөсүнө, атасы, эмгектин ардагери Усубакунов Шамыралынын атын берүүнү суранып кйрылган арызын тиешелүү материалдарын карап, талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан жаны конуштун 7 кварталындагы көчө “Шамыралы Усубакунов” Көчөсү болуп аталсын.
2. Усубакунов Шамыралынын балдарына, тууган уруктарына көчөнүн атын, үйлөрдүн номерлерин илдирүү жана көчөнүн тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү иштерин аткаруумилдеттендирилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл Өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Р.Искаковко тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев
|