Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 9/1
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин ушул токтому Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Карабаев |