Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 9/8
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн суу пайдалануучулар ассосациясынын жана райондук суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жана сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн суу пайдалануучулар ассосациясынын жана райондук суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жана сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү суу пайдалануучулар ассосациясынын төрагасы Ж.Шадыбековдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн суу пайдалануучулар ассосациясынын жана райондук суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жана сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү суу пайдалануучулар ассосациясынын төрагасы Ж.Шадыбековдун берген маалыматы эске алынсын.
2.Сугат суу менен 2015-жылы камсыз кылууда XXII партсъезд каналынын кооптуу участкаларын оңдоп дыйкандарды сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу жагы райондук суу чарба башкармалыгынын Кош-Дөбө участкасынын башчысы А.Мамыровго жана СПА төрагасы Ж.Шадыбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Карабаев |