Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 9/9
Жазгы талаачылык иштер жана жаны айылдардын архитектуралык абалы жөнүндө
Жазгы талаачылык иштер жана жаны айылдардын архитектуралык абалы боюнча айыл Өкмөттүн жер адиси К.Курбанбековдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылды Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазгы талаачылык иштер жана жаны айылдардын архитектуралык абалы боюнча айыл Өкмөттүн жер адиси К.Курбанбековдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Дыйкандарды арзан баадагы жер семирткичтер жана сапатуу үрөн менен жогорку органдарга кайрылуу жолу менен камсыз кылуу жагы айыл Өкмөттүн жер адиси К.Курбанбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Карабаев |