Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 9/10
Социалдык маселелер жана айыл Өкмөттүн аймагындагы мектеп, балдар бакчасындагы шашке тамактын берилишин көзөмөлдөө жөнүндө
Социалдык маселелер жана айыл Өкмөттүн аймагындагы мектеп, балдар бакчасындагы шашке тамактын берилишин көзөмөлдөө боюнча айыл Өкмөттүн соцадиси О.Атабекованын берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Социалдык маселелер жана айыл Өкмөттүн аймагындагы мектеп, балдар бакчасындагы шашке тамактын берилишин көзөмөлдөө боюнча айыл Өкмөттүн соцадиси О.Атабекованын берген маалыматы эске алынсын.
2. Мектеп, балдар бакчасындагы шашке тамактардын берилишин ар бир кварталда бир жолу текшерүү жагы айыл Өкмөттө түзүлгөн социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Карабаев |